Салык кызматы Ош базарынан акциздик маркасы жок 864 таңгак тамеки тартып алды

Укук тартиби

Бишкек, 18.03.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы Ош базарында пландуу рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө тамеки продукцияларын мыйзамсыз сатуу фактысын аныкташты.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, акциздик маркасы жок 864 таңгак тамеки тартып алынды.

Ишкердик субъекттерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.