Ош шаарында 14-17-октябрда Россия кино күндөрү өтөт

Маданият

Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. Кечээ, 11-октябрда Ош шаарында Россия кино күндөрүн өткөрүү боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Жыйында Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова даярдык көрүү боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Кино тасмалар "Семетей" кинотеатрнда көрсөтүлөт, алардын тизмеси:

- 14.10.2021 саат 16:00до кино жумалыгынын расмий ачылышы жана "Огонь" киносу көрсөтүлөт;

- 15.10.2021 саат 17:30 "Серебряные коньки" киносу;

- 16.10.2021 саат 18:00 "Назад в степь к сарматам" киносу;

- 17.10.2021 саат 16:00до иш-чаранын расмий жабылыш аземи болуп, "Подольские курсанты" киносу коюлат.

Кино күндөрүнө карата өтүп жаткан иш-чараларга Россиянын эмгек сиңирген артисттери Юрий Кузнецов, Марина Яковлева, белгилүү актер Марк Вдовин, Михаил Шеломенцев, Тимур Гарипов, продюсер Елена Лебедова, Кыргызстандын белгилүү теле алып баруучусу Ассоль Молдокматова катышат.