• 85.91
  • 93.34
  • 1.03

Маданият министри айылдагы китепканаларды жаап, ордуна книгоматтарды коюну сунуштады

Маданият 0

Бишкек, 18.01.25. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Айылдык китепканаларды этап-этабы менен жаап, жаңы технологияларды колдонуу менен айылдык китепканалардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатында реформаларды жүргүзүү зарыл. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов министрлер кабинетинин "Ынтымак-Ордодо” өткөн 2024-жылдагы өнүгүүнүн жыйынтыктары боюнча жыйынында билдирди.

Анын айтымында, китепканаларга альтернативдик чечим катары айылдык китепканаларды автоматташтыруу жолдору сунушталууда.

"Мисалы, китепкана жабылган айыл тургундары үчүн китептердин китеп берүүчү автоматтары книгоматтарды орнотуу талап кылынат. Бул книгоматтар китеп алуу жана кайтаруу процессин жеңилдетет. Айыл тургундарынын китеп окууга болгон кызыгуусун арттырууга жана китеп окуу адатын өнүктүрүүгө жакшы өбөлгө түзөт", - деди Максутов.

Министр маалымдагандай, учурда өлкөдө бардыгы 1 миң 51 китепкана бар жана анын ичинен 869 айылдык китепкананын окурмандар үчүн шарты начар абалда.

"Учурда айылдык китепкалардын шарты начар абалда. Өзүнүн имараты жок болгондуктан окурмандарга шарттар түзүлбөй келет. Эски имарат, жабык эшик, эски чаң баскан китептер, кесипкөй адистердин жоктугу, айлык маянанын аздыгы буга себеп болууда", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий