• 87.45
  • 99.2
  • 1.06

Борбор калаада "Айтматов ааламы" аттуу иш-чара өттү

Маданият 0

Бишкек, 13.12.24. /Кабар/. Бүгүн, 13-декабрда Бишкекте "Айтматов ааламы" аттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Таберик" балдар музыкалык театрынын концерттик залында залкар жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнө жана Улуттук адабият күнүнө карата "Айтматов ааламы" аттуу иш-чара өтүп, ага Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун жетектөөчү адиси Гүлнара Ибрагимова, Мамлекеттик тил комиссиясынын орун басарлары жана башка коноктор катышты.

Адабий иш-чарага Октябрь районунун жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары жана кыргыз тили жана адабияты мугалимдери активдүү катышышты.

Пикир

Оставить комментарий