• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Жалал-Абад шаарында кароосуз калган сквер реконструкцияланууда

Аймак 0

Бишкек, 28.07.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан аянты 8200 чарчы метрди түзгөн скверди реконструкциялоо иши башталды.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, алдыда паркка брусчатка төшөлүп, жарыктандыруу, отургучтар орнотулуп, фонтан курулат. Мындан сырткары, декоративдик бак-дарактар отургузулуп, газон себилет.

Сквердеги курулуштар октябрь айында бүткөрүлөт.

Белгилей кетсек, реконструкциялоо иши жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий