БИШКЕК, 08.08.17 /Кабар/. Ташкенттин Чиланзар районунун 56 жашоочусу, анын ичинде журналист Хайрулла Хамидов укук коргоо органдарынын “кара тизмесинен” чийилди. Эми ал теледе спорт баяндамачысы болуп иштөөгө мүмкүнчүлүк алды.
42 жаштагы журналист жана футбол комментатору Хайрулла Хамидов, диний темадагы ырлары менен белгилүү. Ал жергиликтүү маалымат агенттиктерине мындай деген: “Мени эми телекомпаниялар кооптонбой жумушка чакырышса болот. Мен ишимди абдан сагындым”.
Буга чейин “Жихадчылар” тобуна тиешеси бар деген шек менен соттолуп чыккан журналистке жаңы кылмыш иши козголгон. Хамидов тергөөнүн жүрүшү тууралуу кийинчерээк маалымат берүүнү убадалады.
Журналист диний айыптар менен беш жыл абакта жатып чыккандан кийин тыюу салынган агымдарга катышы бар деген шек менен “кара тизмеге” алынган.
Булагы: CENTRAL ASIAN
 
	 
                                                         
                     
                     
                    
Пикир
Оставить комментарий