Ташкент, 22.01.25. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. 2025-жылдын 1-январына карата Өзбекстандын туруктуу калкынын саны 37 млн 543 миң 167 адамды түздү. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин алдындагы Статистика агенттиги билдирди.
2025-жылдын 20-январына карата бул сан 37 млн 576 миң 214 адамга көбөйгөн.
Жалпы калктын 18,6 миллиону аялдар, 18,9 миллиону эркектер.
Эскерте кетсек, 2024-жылдын 1-январына карата Өзбекстандын калкынын саны 36 миллион 799,8 миң адамды түзгөн. Туруктуу калктын жалпы өсүшү жыл сайын 2 пайызды түзүүдө.
Пикир
Оставить комментарий