• 87.45
  • 99.57
  • 1.07

Өзбекстанда чөгүп өлгүсү келген аялдын балдары сууга тумчугуп калды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.06.18. /Кабар/. Анжиян облусунун Жалакудук районунун жашоочусу өзүн өзү өлтүрүүгө аракет жасады. Аял эки баласын өзүнө аркан менен таңып, Шахрихансай каналына боюн таштаган.

Окуя 25-июнда болгон. Күбөлөлөр аялды сактап калышты, бирок 7 жаштагы кыз менен 3 жаштагы баланы куткаруу мумкүн болгон жок.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы кабарлагандай, 27 жаштагы аялга карата кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий