• 87.45
  • 97.93
  • 1.09

Өзбекстанда 1 миллион тест-системасынын запасы бар

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.07.20. /Кабар/. Өзбекстандын саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Баходыр Юсупалиев өлкөдө коронавирусту аныктоо үчүн тест-системалары жетишсиз болуп жаткандыгы тууралуу маалыматтарды четке какты.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Өзбекстанда 1 миллион тест-системасынын запасы бар.

«Тест-системалар жетиштүү. Биз жалпы өлкө боюнча күнүнө 20,22,25 миңден кишини тесттен өткөрүп жатабыз. Буга чейин бул көрсөткүч 8-10 миңди түзгөн», — деди Юсупалиев.

Акыркы маалыматттар боюнча Өзбекстанда коронавирус жуктурган кишилердин саны 13 193кө жетти. Алардын ичинен 7 852си айыгып, 61 бейтап каза болду.

Пикир

Оставить комментарий