• 87.45
  • 101.25
  • 1.1

Ысык-Көлдүн Григорьевка айылында турак үйдөн өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 18.05.21. /Кабар/. Ысык-Көлдүн Григорьевка айылында турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Саат 04:55де Григорьевка айылынын Давлетбаев көчөсүндө турак үй​ күйүп жаткандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн.

Жерине 2 куткаруу бөлүмү тартылып, саат 08:04тө өрт толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий