"Дөө Чыңгыз" каймана аттуу кримтөбөл абакта киши колдуу болду. Окуянын чоо-жайы

Кырсык

Бишкек, 30.07.22. /Кабар/. "Дөө Чыңгыз" каймана аттуу кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов абакта киши колдуу болду. Маалыматты Жаза аткаруу кызматынан ырасташты.

"Бүгүн, 30-июлда Бишкектеги №21 абакта Чыңгыз Жумагуловдун сөөгү табылган. Алдын ала маалыматка караганда, аны камералашы жеке кастык мамиленин негизинде өлтүргөн. Аны өлтүргөн киши кылмышын мойнуна алды. Учурда окуянын кандайча болгондугун тиешелүү орган кызматкерлери тактоодо", - деп билдиришти "Кабарга" Жаза аткаруу кызматынан.

Эске сала кетсек, кылмыш чөйрөсүндө "Дөө Чыңгыз" деген каймана ат менен белгилүү болгон УКТнын мүчөсү Чыңгыз Жумагулов 15-июлда кармалган. Андан кийин ал 7-сентябрга чейин СИЗОго камалган.

Кармоо кылмыштуу топту уюштуруу, ошондой эле жеке ишкердик менен алектенген адамдардан системалуу түрдө өзгөчө ири өлчөмдө акча талап кылуу фактысы боюнча колдо болгон материалдардын алкагында жүргүзүлгөн.