• 87.23
  • 99.26
  • 1.05

Ысык-Көл облусунда шайлоочулардын 29,7%ы добуш беришти

Коом 0

Бишкек, 18.11.24. /Кабар/. Бүгүн саат 20:00гө карата Ысык-Көл облусунда шайлоочулардын 29,7%ы жарандык милдетин аткарып, добуш берүүгө катышты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, облуста жалпы саны 103 395 шайлоочу добуш берди.

Эскерте кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен облус боюнча эки шайлоо тилкесинде шайлоо мөөнөтү узартылган. Алар: Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылындагы №3023 УШК жана Ак-Суу районунун Тепке айылындагы №3092 УШК.

Пикир

Оставить комментарий