• 87.32
  • 99.37
  • 1.05

Россия ЖОЖдорунун өкүлдөрү Жалал-Абад шаарында окуучулар менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 19.11.24. /Кабар/. Россиянын 18 жогорку окуу жайынын өкүлдөрү Жалал-Абад шаарындагы 10-11-класстын окуучулары менен жолугушту.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Россиянын окуу жайлары боюнча маалыматтар менен берилди. Ошондой эле Кыргызстандан тапшыргандар студенттерге жаратылган мүмкүнчүлүктөр, окууга тапшырууга керектелүүчү документтер тууралуу айтылды.

Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова катышып, жаштарды мүмкүнчүлүктөн туура пайдаланып, Россиядагы жогорку окуу жайлардан билим алууга умтулууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий