• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Тажик бийлиги коррупция менен күрөшүүдө жарандык коомчулуктан жардам суроодо

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

БИШКЕК, 21.08.17. /Кабар/. Тажикстандын коррупция менен күрөшүү жана мамлекеттик каржы көзөмөлү агенттиги жарандык активисттерден 10 министрлик менен комитеттин ишине баа берүүнү суроодо. Агенттик жакынкы күндөрү коррупциялык тобокелчиликтерди талдоо үчүн “ондуктун” ишмердүүлүгүн текшерүүнү пландоодо.

Алардын арасында – каржы, билим берүү, саламаттыкты сактоо, айыл чарба, экономикалык өнүгүү, эмгек жана калкты иш менен камсыздоо министрликтери, инвестиция жана мүлктү башкаруу, аялдар иши, жаштар иши, телекөрсөтүү жана радиоуктуруу комитеттери бар.

Антикоррупциялык агенттик расмий сайтында жарандар байланыша турган телефон менен электрондук даректерди көрсөткөн. Каалоочулар министрлик менен комитеттердин ишине баа берип, арыз же каалоолорун калтыра алышат.

2016-жылы аталган өлкөнүн өкмөтү агенттикке коррупциялык тобокелчиликтерди талдоо көрсөтмөсүн берген. Ага чейин президент Эмомали Рахмон профилактикалык иштерди күчөтүүнү тапшырган.

Эл аралык Transparency International уюмунун 2016-жылкы коррупция деңгээли боюнча иликтөөсүндө Тажикстан 175 өлкөнүн ичинен 152-орунга коюлган. Андан мурдагы жылга караганда 15 орун артка кеткен.

Пикир

Оставить комментарий