• 87.45
  • 94.92
  • 1.03

Таш-Көмүр шаарынын тургуну мал айдап келүүгө кеткен бойдон дайынсыз болууда

Аймак 0

Бишкек, 24.12.24. /Кабар/. Таш-Көмүр шаарынын 46 жаштагы тургуну Сүттү-Булак жайлоосуна мал айдап келүүгө кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, 15-декабрда ал кечки саат сегиздер чамасында досуна байланышка чыгып, жолдон адашып кеткенин айткан. Ошол бойдон андан кабар жок болгондуктан жакындары ӨКМге жардам сурап кайрылышкан.

Күн мурун ӨКМден 10 куткаруучу, 1 дрон, ИИМден 5 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылып, издөө иштерин жүргүзүшкөн. Кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулган издөө иши бүгүн да улантылат.

Пикир

Оставить комментарий