Абдикарим Алимбаев Чек ара кызматынын директору болуп дайындалды

Кадр саясаты

Бишкек, 24.12.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесинин негизинде Алимбаев Абдикарим Карбекович Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин Алимбаев президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын ээлеген.