• 87.45
  • 95.09
  • 1.01

Таласта катуу шамал мектептин чатырын учуруп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 22.01.25. /Кабар/. Таласта катуу шамал мектептин чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Айтматов районуна караштуу Жон-Дөбө айылында бүгүн, 22-январда ылдамдыгы секундасына 25-30 метрге жеткен катуу шамал катталып, Р.Осмонов атындагы орто мектебинин чатырын учуруп кеткен.

Айтматов райондук Жарандык коргонуу комиссиясынын өкүлдөрү жеринде тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп, кырсыктын кесепетинен келтирилген чыгымдарды такташууда. Жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий