• 87.45
  • 101.07
  • 1.11

Тайырбек Жумашбек уулу UWW версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде 2-орунга көтөрүлдү

Спорт 0

Бишкек, 19.09.23. /Кабар/. Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Тайырбек Жумашбек уулу UWW версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде 2-орунга көтөрүлдү.

Жаңыланган рейтинг Сербиянын Белград шаарында өткөн дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы боюнча түзүлүп, анда кыргызстандык балбан 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынган.

Эми Жумашбек уулунун эсебинде 68 миң упай бар жана 61 кг салмакка чейинки балбандардын рейтингинде 2-орунда.

Пикир

Оставить комментарий