• 87.45
  • 99.2
  • 1.06

Таалайбек Абыкеев Бишкек шаардык сотунун төрагасы болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 27.12.24. /Кабар/. Таалайбек Абыкеев беш жылдык мөөнөткө Бишкек шаардык сотунун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Тиешелүү буйрукка Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев кол койду.

Сот органынын башчысы Медербек Сатыев дайындалган төраганы куттуктап, ишти мыйзамдын талаптарына ылайык жүргүзүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий