Бишкек, 18.02.20. /Кабар/. Сутка ичинде республиканын аймагында 4 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айылында турак үйдөн өрт чыккан. Өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Коо-Чаты айылында Сагындык атындагы орто мектептен өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен аянты болжол менен 500 чарчы метр мектеп толугу менен күйгөн. Себеби такталууда.
Талас шаарындагы Ч.Айтматов көчөсүндө дүкөндүн 40 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда
Талас облусунун Манас районундагы Жайылган айылында жыгач устундуу темир менен жабылган 16 чарчы метр сарайдын чатыры жана 1 диван, 1 сыналгы, 1 стол күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
Пикир
Оставить комментарий