• 87.45
  • 99.02
  • 1.08

Жалал-Абадда Нарын дарыясына агып кеткен 6 жашар бала изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 25.04.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Кызыл-Алма айылынын Акшаар тилкесинде Нарын дарыясына агып кеткен 6 жашар бала изделүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Н.Н. аттуу тестиер бала сууга эки күн мурда агып кеткен.

23-24-апрелде издөө иштери жүргүзүлүп, бирок натыйжа болгон эмес.

Бүгүн да издөө иштери улантылды. Куткаруу иштерине 15 куткаруучу, 3 суучул, 9 милиция кызматкери жана 45 жаран тартылды.

Пикир

Оставить комментарий