• 87.45
  • 101.25
  • 1.1

Сокулуктагы медреседен өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 29.12.20. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районундагы Токбай айылында медреседен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тилсиз жоону өчүрүүгө саат 12:05те өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Токбай айылынын Исмаил көчөсүндө жайгашкан медреседен чыккан өрт саат 16:05те толук өчүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий