• 87.45
  • 99.57
  • 1.07

Ош шаарында ооруканадан өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 06.01.25. /Кабар/. Ош шаарында ооруканадан өрт чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Абдыкадыров көчөсүндө жайгашкан оорукананын имаратынан тутанган өрттү өчүрүүгө жалпы 5 эсеп жана штаб тартылган.

Тилсиз жоо толугу менен саат 10:05те өчүрүлдү. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 468 чарчы метрди түзгөн.

Өрттө жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий