Түркиядагы жол кырсыгынан кыргыз жараны жабыркады

Кырсык

Бишкек, 20.05.19. /Кабар/. Кашудасы (Түркия) шаарында жол кырсыгы катталып, чет элдик жаран жабыркады, - деп билдирет haberler.com.

Басылманын маалыматы боюнча, жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, экинчи унаа менен кагылышкан. Кырсыктын натыйжасында 40 жаштагы Кыргызстандын жараны жабыркап, ар кандай жаракаттары менен ооруканага жеткирилген.