• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Нарында айдоочу электр карагайды сүзүп, эки адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 01.08.19. /Кабар/. Нарын облусунун Кочкор районунда жол кырсыгы катталды, - деп билдирет КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунунун 185-чакырымында "Ауди-100" унаасынын айдоочусу рулду башка албай калып, жол четиндеги электр карагайын сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 2014-жылкы Т. кызы Х., жана 1960-жылкы А.С., аттуу эки адам жабыркаган. Жерине барган куткаруучулар жабыркагандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматынын кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий