Шри-Ланкадагы теракттан жаракат алгандардын арасында КР жарандары жок –ТИМ

Кырсык

Бишкек, 22.04.19. /Кабар/. Алдын ала маалыматтарга ылайык, Шри-Ланкада болгон теракттардын жыйынтыгында көз жумган жана жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

“Кечээ, 21-апрель күнү Шри-Ланка мамлекетинде болгон бир катар террористтик акттардын жыйынтыгында көз жумган жана жабыркагандардын арасында КРнын Индиядагы элчилигинин алдын ала маалыматы боюнча кыргыз жарандары жок”, - деп берилет маалыматта.

КРнын Индиядагы элчилиги абалды көзөмөлдөө боюнча иштерди улантууда.

Эске сала кетсек, ММКнын маалыматы боюнча Пасха майрамын өткөрүү маалында 3 чиркөө, 3 ммейманканада алты жардыруу болгон. Андан кийин аралдын батыш жагында жана Коломбо шаар чекесиндеги турак жай комплексинде дагы эки жардыруу болгон. Жыйынтыгында 290 адам көз жумуп, 500дөн ашуун адам жаракат алган.