• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Кыргызстандын түштүгүндө жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 30.12.24. /Кабар/. Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 30-декабрда саат 10:30да Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш айылында, Чоң-Алай районунун Тунук айылында, Баткен облусунун Баткен районунун Кан айылында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий