Бишкек, 17.01.24. /Кабар/. Бүгүн “Ынтымак-Ордо” президенттик администрациясында министрлер кабинети өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча 2024-жылдын жыйынтыктарын чыгарды.
Анда министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев маалымат берип, инфляциянын деңгээли жылдын аягына карата 6,3% га чейин төмөндөгөнүн белгиледи.
"Бул тышкы тобокелдиктерге карабастан төмөндөөнүн үчүнчү жылы болуп саналат. Жаңы ишканаларга инвестициялардын жалпы көлөмү 2,2 млрд АКШ долларын түзүп, 19 миң жаңы жумуш орундары түзүлдү”, - деп баса белгиледи Амангелдиев.
Пикир
Оставить комментарий