• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

ӨКМ Дүйнөлүк банк менен алдыдагы жылдарга кызматташуу багыттарын аныктады

Коом 0

Бишкек, 16.01.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделл менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар иш жүзүндөгү долбоорлорду жана 2026-жылга чейин кызматташуунун өнүгүү келечектерин талкуулашты. Анда негизинен өрт коопсуздугу, өрт өчүрүү жабдууларын жана техникаларын жаңылоо, ошондой эле жаңы өрт өчүрүү-куткаруу бөлүктөрүн түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бөлүндү.

Мындан тышкары, коргоочу дамбаларды чыңдоо, гидрометеорологиялык кызматтын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу, абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүү жана экологиялык абалды жакшыртуу чараларын ишке ашыруу жолдорун талкууга алышты. Бул демилгелер калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоого багытталган.

Министр Бообек Ажикеев Дүйнөлүк банктын көп жылдан берки колдоолоруна ыраазычылык билдирип, климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүүнү биргеликте күчөтүүнүн маанисин белгиледи.

Хью Ридделл Кыргызстан менен өз ара алакалар жогорку деңгээлде экенин белгилеп, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу тармагы боюнча кызматташуунун алгылыктуу багыттарына токтолду.

Маалымат үчүн: Ушул тапта ӨКМ Дүйнөлүк банк менен RESILAND CA+ программасынын алкагында "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу" жана "Кыргызстанда ландшафтарды туруктуу калыбына келтирүү" долбоорлору ишке ашырылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий