Бишкек, 25.12.24. /Кабар/. Кыргызстандык куткаруучулар кырсыкка байланыштуу жардам көрсөтүү үчүн толук даярдыкта турушат. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Министр өзүнүн билдирүүсүндө казакстандык жана азербайжандык кесиптештери менен тыгыз байланышта экенин белгилеген.
"Биздин куткаруучулар кырсыкка байланыштуу жардам көрсөтүү үчүн толук даярдыкта турушат. Зарылчылык жаралса, кошумча күчтөрдү жана ресурстарды жөнөтүүгө даярбыз", - деп жазды ал.
Ажикеев белгилегендей, Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Тышкы иштер министрлиги жана тиешелүү органдар менен биргеликте кырсыктын бардык жагдайларын тактап, жарандарга көмөк көрсөтүү боюнча иштерди улантууда.
Белгилей кетсек, бүгүн, 25-декабрда саат 11:30 чамасында Мангистау облусунда "Актау" эл аралык аэропортунан 3 чакырым алыстыкта Embraer 190 учагы кырсыкка учураган. Учак AHY8243 каттамы менен Баку – Грозный багыты боюнча учуп бара жаткан.
Бортто 67 адам – 62 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон. Саат 11:10до учак канаттуулар менен кагылышып, башкарууда көйгөйлөр жаралгандыктан, авариялык абал жарыяланган.
Учактагы жүргүнчүлөрдүн жарандыгы:
- 37 - Азербайжан жараны;
- 16 - Россия жараны;
- 6 - Казакстан жараны;
- 3 - Кыргызстан жараны.
Пикир
Оставить комментарий