• 87.45
  • 100.82
  • 1.09

Казакстан менен Латвиянын ортосунда сезондук авиакаттам ачылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.05.18. /Кабар/. Латвиянын airBaltic улуттук авиакомпаниясы 29-апрелден тарта Алматы менен Риганын ортосунда сезондук аба каттамын ачты.

Алматы аэропортунан аталган авиакомпаниянын учагы Латвиянын борборунан бүгүн эртең менен келип, кайра Ригага жөнөп кеткенин кабарлашты.

Узактыгы 5 саат 45 мүнөттү түзгөн каттам жумасына үч жолудан Bombardier CS300 учактары менен аткарылып турат. Билет баасы бир багыт үчүн 159 евродон (190 доллардын айланасы) жогору.

Пикир

Оставить комментарий