• 87.45
  • 99.2
  • 1.06

Касымалиев Кытайдын Гонконг боюнча каржы катчысы Пол Чан менен кызматташтыкты талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 14.01.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытайдын Атайын административдик району Гонконгго болгон жумуш сапарынын алкагында Гонконгдун каржы катчысы Пол Чан менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар каржы, банк, билим берүү жана соода тармактарында эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүнүн перспективаларын талкуулашты.

“Кыргызстан Гонконг менен каржы борборлорун, банк тутумун жана логистикалык хабтарды түзүү жана башкаруу боюнча тажрыйба алмашууга кызыкдар”, – деди Адылбек Касымалиев.

Алар ошондой эле Гонконгдо Кыргыз Республикасынын облигацияларын чыгаруу боюнча кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Өз кезегинде Гонконгдун каржы катчысы Пол Чан өз ара пайдалуу өнөктөштүктүн чоң потенциалын белгилеп, финансылык-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жигердүү көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий