• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Караколдо лыжа буюмдарын ижарага берген жайдан өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 06.02.24. /Кабар/. Каракол шаарынын Масалиев көчөсүндө жайгашкан лыжа буюмдарын ижарага берген жайдан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тилсиз жоо тууралуу билдирүү саат 12:12де түшкөн. Жерине эки күжүрмөн эсеп тартылып, жалын саат 13:03тө толугу менен өчүрүлгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. Жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий