Бишкекте таштанды челегинен ымыркайдын сөөгү табылган, окуя иликтенүүдө

Кырсык

Бишкек, 14.09.17. /Кабар/. Бишкекте таштанды челегинен ымыркайдын сөөгү табылган. Бул боюнча иликтөө жүргүзүп жаткан милициядан маалыматты ырасташты.

Жансыз ымыркайды бүгүн 10:30 чамасында Бишкектин батышындагы Кустанай көчөсү менен Астрахань кыска көчөсүнүн кесилишинен таштанды салганы келген адамдар табышкан.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери ымыркайды тирүү бойдон ташташканбы, ал эмнеден чарчап калганы тууралуу аныкташууда.