Бишкек, 16.06.21. /Кабар/. “Тилектештик автобусу” долбооруна тартылган адвокаттар жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ак-Таш, Жыл-Келди, Калинин, Кашгар-Кыштак жана Монок айылдарынын жарандарына 99 акысыз укуктук кеп-кеңештер берилди.
Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуу Ак-Таш жана Кашкар-Кыштак айылдарынын айыл өкмөттөрүнүн имараттарында өттү.
Жергиликтүү тургундар негизинен жер участокторун берүү жана аларга документтерди тариздөө, пенсияларды жана жөлөк пулдарды чегерүү маселелери боюнча, паспорт алуу, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана башка маселелер менен кайрылышты.
17-июнда "Тилектештик автобусу" Ош облусунун Кара-Суу шаарына барат.
Калк менен жолугушуу Кара-Суу шаарынын мэриясынын имаратында өткөрүлөт.
Пикир
Оставить комментарий