Камчыбек Ташиев чек арада үйү өрттөлүп кеткен аксакалга акчалай жардам көрсөттү

Аймак

Бишкек, 14.12.24. /Кабар/. Күн мурун министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө 2020-жылы үйү тажик тараптын провокаторлору тарабынан өрттөлгөн Көк-Таш айылынын Чек-Дөбө жергилигинин тургуну Абдурахим Мажитов аксакалды кабыл алды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, Ташиев аксакалга акчалай колдоо көрсөттү.

Эскерте кетсек, 2020-жылы Камчыбек Ташиев бул аксакалдын өрттөлгөн үйүн калыбына келтирүү үчүн акчалай колдоо көрсөтүп, бул үй стратегиялык мааниге ээ экенин айтып, үйдү тез арада калыбына келтирүү зарылдыгын демилгелеген болчу.