• 87.45
  • 94.92
  • 1.03

Чүй районунда 225 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушу аяктап калды

Аймак 0

Бишкек, 18.07.24. /Кабар/. Чүй районундагы жаңы мектептин курулушу аяктап калды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Күн мурун Мамкурулуш агенттигинин директорунун орун басары Талант Иманакун уулу жана Жогорку Кеңештин вице-спикери Жамилия Исаева мектептин курулушун жеринде текшеришти.

Мектеп эки кабаттуу 225 окуучуга ылайыкталган окуу корпустун аянты 1 455 чарчы метрди түзөт. Объекттин курулушу 2019-жылы башталып, республикалык бюджеттен каржыланган.

Учурда айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Үстүбүздөгү жылы пайдаланууга берүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий