Таш-Көмүрдө ала качуунун алдын алууга багытталган жыйын өткөрүлдү

Аймак

Бишкек, 23.04.21. /Кабар/. Таш-Көмүр шаарында аялзатын никеге туруу максатында уурдоону, никеге турууга мажбурлоону болтурбоо боюнча жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ала качууга байланыштуу өлкөдө болуп жаткан акыркы окуялардан улам Таш-Көмүр ШИИБдин жетекчилигинин демилгеси менен ала качуу, никеге турууга мажбурлоо жана зордук-зомбулуктарды болтурбоо, мындай көрүнүштөргө жол бербөө үчүн коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында жыйын өткөрүлдү.

Аталган иш-чарага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, сот, прокуратура, социалдык өнүктүрүү мекемеси жана аймактык башкармалыктын башчылары, аялдар кеңешинин мүчөлөрү, аксакалдар кеңеши, коомдук алдын алуу борборлорунун төрагалары жана шаардагы көчө комиттеттери катышты.