Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын Интергельпо көчөсүнүн Кеңсуу көчөсүнөн Дэн Сяопин проспектисине чейинки бөлүгү оңдоо иштерине жабылгандыгына байланыштуу троллейбустук каттамдардын кыймылы өзгөрөт. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, №10 жана №2 троллейбустук каттамдардын схемасы жарым-жартылай өзгөрүп, троллейбустук каттамдар Фучик көчөсү менен каттайт.
Бишкек мэриясы жарандардан ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана убактылуу өзгөрүүлөрдү эске алуу менен маршруттук каттамдарды пландаштырууну өтүнөт.
Интергельпо көчөсүн оңдоо иштерине байланыштуу троллейбустардын кыймылы өзгөрөт — Бишкек мэриясы

Пикир
Оставить комментарий