• 87.45
  • 103.16
  • 1.11

Бишкектеги "Орто-Сай" базары дезинфекциялоо чаралары үчүн 3 күнгө жабылды

Коом 0

Бишкек, 10.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Бишкек шаарындагы "Орто-Сай" базары дезинфекциялоо чаралары үчүн 3 күнгө жабылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкулов өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, коронавирус инфекциясын жугузуп алган жарандардын көбөйүп жатканына байланыштуу мындай чаралар көрүлүп жатат.

"Шаардык санэпидкөзөмөл борборунун сунушу менен "Орто-Сай" базарынын иши 10-июндан 13-июнга чейин дезинфекциялоо чаралары үчүн убактылуу токтотулду. Ошондой эле "Ош" базарында коронавирус жуктурган учурлар чыкты. Азыркы күндө Ош базарын дагы жабуу маселеси каралууда", - дейт Алымкулов.

Пикир

Оставить комментарий