• 87.45
  • 99.2
  • 1.06

Бишкекте өлкөдөгү жол кыймылынын абалы жана унаа жолдорундагы аныкталган көйгөйлөр талкууланды

Коом 0

Бишкек, 11.01.25. /Кабар/. Бишкекте өлкө аймагындагы жол кыймылынын абалы жана автомобиль жолдоруна жүргүзүлгөн талдоонун негизинде аныкталган көйгөйлөр талкууланды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, иш-чарага транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Жеңишбек Жоробеков катышты.

Анда президент Садыр Жапаровдун III Элдик курултайдагы мыйзамдуулукту жана коопсуздукту камсыздоо багытындагы талаптарын аткаруу, өлкөдөгү эл аралык маанидеги транспорт каражаттарынын интенсивдүүлүгү көп көчө-жолдордун абалы жана жалпы жолдордун түнкү жарыктандыруусу, кышкы мезгилде өз убагында тазалануусу, жол тосмолорунун, үн чыгаруучу тилкелеринин, жол чийиндеринин бүгүнкү күндөгү көйгөйлөрүнүн чечүү жолдору каралды.

Ошондой эле Жеңишбек Жоробеков жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу багытында биргелешкен кызматташууну күчөтүү зарылчылыгын белгиледи.

Кеңешменин соңунда аныкталган кемчиликтерди жоюу жана алдыдагы аткарыла турган иш мерчемдерди түзүү боюнча биргелешкен протоколдук тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий