• 87.45
  • 94.92
  • 1.03

Баткен облусунда жер титиреди

Аймак 0

Бишкек, 14.10.21. /Кабар/. Баткен облусунда жер титиреди. Бул тууралуу КР Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-октябрда саат 11:23тө Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жердин силкинүүсү Кадамжай районунун Кожо, Үч-Коргон айылдарында жана Кызыл-Кыя шаарынын Кара-Дөбө айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий