Кара-Суу районунда 90 орундуу жаңы балдар бакчасы ачылды

Аймак

Бишкек, 29.09.22. /Кабар/. Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Башбулак айылында 90 орундуу жаңы бала бакча курулду. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, райондун акими Турусбек Ногоев катышты.

Аталган бала бакчанын сметалык баасы 16 миллион 461 миң сомду түзүп, жергиликтүү бюджеттен каржыланган.