• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Балыкчы – Бишкек жолунун жээгине 500 түп ийне жалбырактуу көчөт отургузулду

Аймак 0

Бишкек, 09.12.24./Кабар/. "Жашыл Мурас" улуттук кампаниясынын алкагында Балыкчы – Бишкек унаа жолунун жээгине 500 түп ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрү отургузулду.

Токой кызматынан билдиришкендей, аталган маанилүү экологиялык иш-чарага Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын кызматкерлери жана жергиликтүү мекеме-уюмдар болуп, жалпысынан 500 адам катышты.

"Акциянын максаты - өлкөдөгү экологиялык абалды жакшыртуу, токойлорду калыбына келтирүү жана жаратылыш ресурстарын узак мөөнөткө сактоо үчүн шарттарды түзүү. Отургузулган ийне жалбырактуу дарактар ​​абанын сапатын жакшыртууга, кыртыштын эрозиясын алдын алууга жана жаңы жашыл аймактарды түзүүгө жардам берет",-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий