Бишкек, 29.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда 31-август – Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата “Менин элим, менин жерим – нур төгүлгөн Кыргызстан” аталышындагы телесынак өтүп жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Телесынактын максаты — өлкө башчынын 29-январдагы “Инсандын руханий адеп ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” жарлыгын турмушка ашыруу менен өлкө тарыхындагы жана бүгүнкү күндөгү белгилүү инсандардын эмгегин, ишмердүүлүгүн чагылдырып, маданият, үрп-адат, каада-салт жана кол өнөрчүлүктү даңазалоо болуп саналат.
Телесынактар учурдагы кырдаалга ылайык, санитардык талаптар эске алынган шартта өтүүдө. Ал министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен облустук медиаборбор тарабынан уюштурулган.
Учурда телесынак 6 райондо өткөрүлдү. Ага облусттагы жалпы 8 район жана 4 шаар катышат. Жобого ылайык, аймактагы тарыхый жана учурдагы белгилүү инсандардын эмгегин даңазалоо, Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгын белгилөө, Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгына карата чыгармаларынан үзүндү аткаруу, райондун социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрү боюнча видео баян даярдоо тапшырмалары коюлган.
Иш-чараларда башка улуттардын да маданий баалуулуктары даңазаланат. Сынактын көркөм кеңешинин мүчөлөрү облустук маданий мекемелердин, өкмөттүк эмес коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн.
“Менин элим, менин жерим – нур төгүлгөн Кыргызстан” аталышындагы телесынак эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын утурлай жыйынтыкталып, баш байгеге 70 миң сом берилет. Ага облустун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан жалпы 250 миң сом каралган.