• 87.45
  • 101.07
  • 1.11

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарынын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу бүгүн, 14-апрелде саат 10:00дөн 17:00гө чейин шаардын Байзаков, Промзона, Курманбек №10а, Могол №2,4, Нефтяник көчөлөрүндө электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт.

Шаардык мэрия жарандардан жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий