Бишкек, 16.03.22. /Кабар/. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери тарабынан аймакта экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу максатында тынымсыз иш-аракеттер көрүлүп келүүдө.
Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, жакында, аталган кызматтын кызматкерлери тарабынан Ысык-Көлдүн жээгиндеги жер кыртышын бузуу учуру аныкталган.
Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылынын 40 жаштагы А.К. жана 32 жаштагы З.К. аттуу тургундары Жети-Өгүз районунун Липенка айыл аймагынынын түндүк тарабында көлгө чөгүп кеткен баржаны чыгарууга аракет көрүп, экскаватор менен жээктеги жер кыртышын бузуп, казып салышкан.
Аталган факт Жети-Өгүз РИИБнин маалымат электрондук журналына катталып, жер бузуу фактысы орун алганын, же албаганын аныктоо максатында чогулган материалдар тийиштүү мамлекеттик органына жиберилди.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен КРмыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынат.