• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын айрым көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 06.04.22. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарынын айрым көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-апрелде оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу саат 10:00дөн 17:00гө чейин шаардын Барпы-Сейил, Октябрский №117, Нагорный, Жаштык көчөлөрүндө электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт.

Мэрия жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий