Ош, Баткен жана Жалал-Абаддагы медреселерде кошумча кесип үйрөтүлүүдө

Аймак

Бишкек, 27.02.19 /Кабар/. Ош, Жалал-Абад жан Баткен облустарындагы медреселерде окуудан сырткары кошумча кесиптерге үйрөтүү боюнча да сабактар өтүлөт. Бул тууралуу муфтияттын окуу бөлүмүнүн башчысы Аким Эргешов билдирди.

Медреселерде кошумча ийримдерге окутуу 2017-жылдан бери "АВЕП" коомдук фонду тарабынан уюштурулуп келет. Долбоордун алкагында 7 медреседе кесиптик билимдер окутулууда. Ага ылайык быйыл Ош шаары, Баткен жана Жалал-Абад облустарында бирден медреседе жаштарды кесипке үйрөтүү долбоору ишке ашаары көздөлүүдө.

Адистердин айтымында медреседе балдарга кесиптик билимдерди үйрөтүү балдардын ар тараптуу өнүгүшүнө салым кошот, деп кабарлады "Ынтымак" телеканалы.