• 87.45
  • 100.82
  • 1.09

Акыйкатчыга Бишкектеги мектептердин биринин ата-энелери балдардын укуктарын коргоо өтүнүчү менен кайрылды

Коом 0

Бишкек, 17.01.25. /Кабар/. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага Бишкек шаарындагы №13 мектеп-гимназиясынын ата-энелери балдарынын укуктарын коргоп берүү өтүнүчү менен кайрылды.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, Жамиля Жаманбаева бул ишти жеке көзөмөлүнө алды.

“Мен эки баламды 22-декабрда кафеге алып барып, курсактарын тойгузуп, ийримге жөнөткөм. Балдарым 9 жана 11 жашта. Алар менен чогуу дагы эки досу бирге кетишкен. Аларды жолдон бир мектепте окуган, эки жаш улуу бала кармап, колдорундагы пицца жана таттуулары салынган баштыктарын тартып алып, акча талап кылыптыр. Улуу баламды ур-токмокко алган. Баламдын баш мээси чайкалып, ооруканга жатып чыкты”, - деген балдардын апасы. Ал 25-декабрь күнү милицияга да арыз жазганын айткан.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери тиешелүү чараларды көрүү максатында Ички иштер министрлигине, Билим берүү министрлигине жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кат жолдогону маалымдалды. Жамиля Жаманбаева мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыздоого, аларды зомбулуктан, ырайымсыз, одоно мамиледен жана алардын укуктарын, эркиндиктерин басмырлаган башка аракеттерден коргоого чакырды.

“Жеткинчектер арасындагы рэкетчиликке кош көңүл карабай, бүгүнкү күндүн орчундуу маселеси катары мамиле жасаш керек. Мындай көрүнүштөрдүн канчалык кооптуу экенин балдарга түшүндүрүү иштерин жакшыртуу зарыл”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий